Кыргызстандын чет өлкөлөр менен соода жүгүртүүсү 30%га көбөйдү

Sputnik
БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Кыргызстандын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү өткөн жылдын январь-декабрында 15,7 миллиард долларды түздү. Бул туурасында Улуттук статистика комитети билдирди.
2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу, соода жүгүртүү 29,9 пайызга көбөйгөн. Мында экспорттун көлөмү 46,8 пайызга, импорт 26 пайызга өскөн.
Ошондой эле ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара сооданын көлөмү 4,4 миллиард долларга (8,7 пайызга төмөндөдү) жеткен. Жүгүртүүнүн басымдуу бөлүгү Россияга (67,3 пайыз) жана Казакстанга (30,3 пайыз) туура келген.
Бир жылда депозиттин көлөмү 100 млрд. сомго өсүп, 430 миллиардга жетти