Кыргызстандан экспорттолгон жумуртканын көлөмү 440 эсеге азайды

Sputnik
БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Кыргызстандан жумуртка экспорттоо 440 эсеге азайды. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат.
Өткөн жылы сыртка жалпы баасы 10 миң сомду түзгөн 500 жумуртка экспорттолгон. Анын баары Казакстанга сатылган. 2022-жылы Кыргызстан 41 миң долларга 220 320 даана жумуртканы Өзбекстанга саткан болчу.
Ал эми импорт тууралуу айта турган болсок, Статком ар кандай маалымат көрсөтүүдө. Биринде 211 миллион, экинчисинде 8,7 миллион даана алып келингени жазылган.
Эске салсак, Кыргызстан тоок жумурткасынын импортунан көз каранды. Жакында эле Чүйдүн Ысык-Ата районунда Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун колдоосу менен тоок фабрикасы ачылган. Анын жардамы менен өлкөнүн калкын жумуртка менен камсыздоо 60тан 70 пайызга чейин өсөт. 2026-жылы бул көрсөткүчтү 85 пайызга жеткирүү пландалууда.
Орточо физиологиялык керектөө нормасына ылайык, жылына ар бир кыргызстандык 182,5 жумуртка жеши керек.
Кыргызстан Кытайга 10 миң тонна грек жаңгагын жеткирет