Кыргызстан Казакстанда өтчү Көчмөндөр оюндарына көк бөрүнү кошууну сунуштады

Казакстандык делегация бул маселе боюнча сүйлөшүүгө ачык болуп, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү улантууга кызыкдар экендигин билдирген. Эми тараптар мартта Бишкекте жолугушат.
Sputnik
БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Кыргызстандык делегация V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдыктын жүрүшү менен таанышуу үчүн Астана шаарына барып, көк бөрү оюнун тизмеге киргизүүнү сунуштады. Бул тууралуу Көк бөрү федерациясынан кабарлашты.
Кыргызстандык делегация V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдыктын жүрүшү менен таанышуу үчүн Астана шаарына барып, көк бөрү оюнун тизмеге киргизүүнү сунуштады.
Ага ылайык, көк бөрү Көчмөндөр оюндарынын тизмесине кирбей калган.
"Мындан улам федерация президенти Рамис Жунусалиев алдыдагы Көчмөндөр оюндарында көк бөрүнүн кирбей калганы өкүнүчтүү экенин айтып, бул маселеге кыргызстандыктар өзгөчө көңүл буруп жатканын билдирди. Эгерде көк бөрү Көчмөндөр оюндарына кирсе Кыргызстан көк бөрү боюнча да, көкпар боюнча дагы эки курама команда алып келүүгө даяр экендигин билдирди", — деп жазылат маалыматта.
Казакстандык делегация бул маселе боюнча сүйлөшүүгө макул болуп, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү улантууга кызыкдар экендигин билдирген соң кыргыз тарап кийинки жолугушууну Бишкекте өткөрүүнү сунуштаган. Сүйлөшүүлөр марттын башында Бишкекте уланмай болду.
V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Астанада сентябрда өтөрү айтылды