Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Зеленский аскеринин Авдеевкадан чыккан себебин түшүндүрдү. РФ ТИМи да үн катты

Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова Киев аскерлерин Авдеевкадан адамдардын өмүрүн сактап калуу үчүн эмес, башка себептен улам чыгарганын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Украина президенти Владимир Зеленский Куралдуу күчтөрдүн командачылыгы аскерин Авдеевкадан чыгаруу чечимин кабыл алганын ырастады. Бул тууралуу ал Мюнхен коопсуздук конференциясында суроолорго жооп берип жатып билдиргенин РИА Новости жазды.
"Бул украиналыктардын өмүрүн сактап калууда туура, адилеттүү чечим болду. Курчоодо калбаш үчүн башка линияларга чегинүү чечими кабыл алынды", — деген Зеленский.
Ошол эле учурда ал Украина Куралдуу күчтөрүнүн Авдеевкадан чегинишин Батыш тараптан жетиштүү жардам болбогону, курал-жарактын, өзгөчө артиллериялык ок-дары менен алыска атылуучу снаряддардын жетишсиздиги менен байланыштырды.
Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова Киев аскерлерин Авдеевкадан адамдардын өмүрүн сактап калуу үчүн эмес, башка себептен улам чыгарып кеткенин айтты.
"Ал үчүн эмес. "ЗеПрезидент" бандасы менен ири суммадагы акча үчүн "согушканды" гана билет. Акча түз эле алардын чөнтөгүнө түшөт. Калганы булар үчүн мааниге ээ эмес", — деген Захарова өзүнүн Telegram каналында.
Буга чейин Украина аскерлеринин башкы командачысы Александр Сырский Куралдуу күчтөрдүн бөлүктөрүн Авдеевкадан чыгаруу боюнча чечим кабыл алганын билдирген. Буга чейин Ак үйдүн өкүлү Жон Кирби шаар россиялык аскерлердин колуна өтүп кетиши мүмкүн экенин белгилеген эле.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
БУУ Киевди жарандык объектилерге чабуул жасоону токтотууга чакырды