БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Жогорку, орто кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Айнура Асан кызы ЖРТнын алкагындагы кошумча тестирлөө негизги жана предметтик тесттердин баасынан эки эсе арзан, тагыраагы, 200 сом болорун билдирди.
Ал бул тесттин жыйынтыгы ЖРТга таасир этпей турганын, андан начар балл алгандар дагы жогорку окуу жайга тапшыра аларын айтты.
"Бул бүтүрүүчүнүн мамлекеттик тилди канчалык деңгээлде билерин аныктоо үчүн керек. Анын жыйынтыгы менен университет студентти баштапкы, базалык же улантып алып кете турган топторго бөлөт. Мындан сырткары, тестирлөө менен биз кайсы мектепте кыргыз тили кандай өтүлөрүн аныктайбыз. Министрлик тил үйрөтүү ыкмасын кайра карап чыгууну пландаштырып жатат. Анын жыйынтыгы кандай көйгөйлөр менен иштөө керектигин түшүнүүгө жардам берет", — деген адис.
Буга чейин Кыргызстанда бардык абитуриенттер жогорку окуу жайга тапшырганда кыргыз тилинен тест берүүгө милдеттендирилгени жазылган.