Уланбек Далиев президенттин Ысык-Көлдөгү өкүлү болуп дайындалды

Sputnik
БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Уланбек Далиев президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Тийиштүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койгон.
Далиев буга чейин облустун башчысынын биринчи орун басары болуп иштеп келген.
Ал эми аймактын мурдагы жетекчиси Эмилбек Абдыкадыров кызматтан кечээ алынган. Бишкектин мурдагы мэри облусту төрт ай башкарды.
Таалатбек Масадыков ЖККУда дагы бир кызматка дайындалды