БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Улуттук коопсуздук комитети менен Ички иштер министрлиги кыргызстандыктарга кайрылып, криминалдык топтор менен биргеликте бизнес жасаган адамдар мыйзам чегинде жазаланарын эскертти.
"Ишкерлерден, ресторан, завод-фабрика ээлеринен криминал "дань" сурап келе турган болсо дароо УКМКга же ИИМге кайрылгыла. Түп тамыры менен жок кылабыз!" — деп айтылат кайрылууда.
Ошондой эле мындан ары Кыргызстанда "криминалдык топ" деген түшүнүк болбой тургандыгы айтылган.
Байланыша турган телефондор:
УКМК — 0312 66-04-75, 62-65-04.
Атайын кызматтын аймактык башкармачылыктары:
Чүй облусу — (0312) 54-07-19;
Жалал-Абад облусу — (03722) 5-60-49;
Ош облусу — (03222) 2-30-78;
Ысык-Көл облусу — (03922) 5-11-80;
Талас облусу — (03422) 5-20-43;
Нарын облусу — (03522) 5-08-49;
Баткен облусу — (03622) 5-00-33.