Садыр Жапаров Афганстандагы эң башкы үч көйгөйдү атады

Мамлекет башчы гуманитардык жана экономикалык кризисти жеңүүгө жардам берүү максатында экономикалык жана маданий диалогду өнүктүрүүгө даярдыгын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 16-февралда, Бишкек шаарында улуттук коопсуздук боюнча Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын Афганстан маселесин караган 6-регионалдык диалогунун катышуучулары менен жолугушту. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
1 / 3

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 16-февралда, Бишкек шаарында улуттук коопсуздук боюнча Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын Афганстан маселеси тууралуу 6-регионалдык диалогунун катышуучулары менен жолугушту

2 / 3

Иш-чарага Кыргызстан, Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандан коопсуздук маселелерин көзөмөлдөгөн жогорку өкүлдөр келген

3 / 3

Жапаров Афганстандагы эң башкы үч көйгөй катары терроризм, наркотрафик жана алсыз экономиканы атады

Иш-чарага Кыргызстан, Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандан коопсуздук маселелерин көзөмөлдөгөн жогорку өкүлдөр келген.
Жапаров Афганстандагы эң башкы үч көйгөй катары терроризм, наркотрафик жана алсыз экономиканы атады.
"Президент афган экономикасына токтолуп, өлкөнүн улуттук банкынын тоңдурулган активдери афган элинин жыргалчылыгы үчүн тез арада пайдаланууга берилиши керек деген пикирин билдирди. Ошондой эле гуманитардык жана экономикалык кризисти жеңүүгө жардам берүү максатында экономикалык жана маданий диалогду өнүктүрүүгө даярдыгын кошумчалады", — деп айтылат маалыматта.
Жапаров өлкөлөрдүн жана эл аралык уюмдардын биргелешкен жана координацияланган аракеттери аркылуу гана эл аралык коопсуздукту курууда маанилүү натыйжага жетишүүгө болорун белгилеген.
Советтик аскерлердин Афганстандан чыгарылышынын 35 жылдыгы белгиленди. Видео