БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Чет элдик жарандан 2 миллион сом талап кылды деген Ош облусунун Ички иштер башкармалыгынын бөлүм башчысы үй камагына чыгарылды. Маалыматты Ош шаардык сотунан тастыкташты.
"Сот мындай чечимди айыпталуучунун өздүгү такталып, туруктуу жашаган жери бар болгондуктан кабыл алган. Мындан тышкары, айыпталып жаткан милиционердин балдары бар экени да эске алынды. Тергөөчү И.К. суракка убагында келип жатканын айткан", — деди соттон.
Буга чейин И.К. аттуу милиционер АКШ жаранынан көп суммада акча талап кылган деп айыпталып, колго түшүрүлгөн. 2023-жылдын декабрь айынын аягында Н.Б. аттуу АКШ жараны ага кайрылып, М.Н.М. аттуу аялга чара көрүүнү өтүнгөн. Маалым болгондой, аял чет элдик жаранды зордуктады деп шантаж кылган. Бирок милиционер М.Н.М. аттуу аялга чара көрбөй, тескерисинче, аны менен кошо АКШнын жаранын опузалап 2 миллион сом акча талап кылган. Чет элдик жаран кийин Ош шаардык ички иштер башкармалыгына кайрылып, милиционер колго түшүрүлгөн.