Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Лавров Евромайдандын кесепети боюнча иш-чарада эмне деди. Тезис

Украина чатагынын тегерегиндеги Лондондун позициясы Вашингтондукуна караганда алда канча агрессиялуу экени айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Украина сүйлөшүү жүргүзүшү үчүн Владимир Зеленский алгач аталган процесске өзүнүн колу менен тыюу салган декретти жокко чыгарышы керек. Бул туурасында РФ ТИМинин жетекчиси Сергей Лавров "Евромайдан: Украинанын жоготкон ондогон жылдары" деп аталган конференцияда айтты.
Лавровдун "Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттигиндеги иш-чарада сүйлөгөн сөздөрүнөн:
Россиянын Батышка болгон "айкөлдүгүнүн лимити" эбак эле түгөнгөн, Москванын "ак көңүлдүгүнө" алар тиешелүү түрдө жооп беришкен жок;
Путиндин Такер Карлсонго берген интервьюсунан кийин АКШнын коомчулугу толугу менен эле маалыматтык блокадада жашап келгени түшүнүктүү болду;
Киев бийлиги — "эл аралык кайырчылар", ал эми Украина — жок болуп бараткан аймак;
Евробиримдик Киевди узакка жетүүчү курал менен камсыздап, "Россиянын жүрөгүнө чейин баруу" ниетинде;
Украина чатагынын тегерегиндеги Лондондун позициясы Вашингтондун линиясына караганда алда канча агрессиялуу;
Киев бийлигинин орус тилине карата саясаты Украинанын мыйзамдарында орусча жазылгандардын баарын жок кылууга умтулган "өзүнчө геноцид";
миллиондогон украиналыктар Россиядан баш калка таап, өздөрүн "үйүндө жүргөндөй эле сезүүдө";
Украинадагы жалданма аскерлер миңге чукул эле, азыр жарымы эле калды, калганы же кетти, же өздөрүнүн жайын тапты.
Украинанын тагдырына балта чапкан 10 жыл мурдагы Евромайдан. Видео