Россия Кыргызстанга 120 тез жардам унаасын алууга грант бөлөт

Чет элдик фонд 3 миллион бөлө турганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду Кыргызстанга 120 тез жардам унаасын алууга грант бөлөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, министр Алымкадыр Бейшеналиев Россияга болгон жумушчу сапарынын алкагында Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун аткаруучу директору Андрей Широков менен жолуккан.
"Анда тараптар Кыргызстанга тез жардам унааларын сатып алууну камтыган жаңы долбоорду талкуулашып, 120 тез жардам унаасын сатып алууга 3 миллион доллар өлчөмүндө грант бөлүү боюнча макулдашууга жетишти", — деп жазылат кабарда.
Министр фондго Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагына колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөгө жана кеңейтүүгө даяр экенин белгилеген.
Пресс-борбор
ЕАЭБ өлкөлөрүндө кайсы медициналык адистиктерге муктаждык бар. Тизме