Казакстанда кимдер чет элдик айдоочулук күбөлүк менен жүрө албайт? ТИМдин жообу

Кыргызстан менен Казакстан Вена конвенциясынын мүчөлөрү болуп саналгандыктан, конвенциянын катышуучулары тараптардын аймагында берилген айдоочулук күбөлүктөрдү өз ара тааныйт.
Sputnik
БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Казакстандын аймагында убактылуу жүргөн чет элдиктер (анын ичинде Кыргызстандын жарандары) өздөрүнүн улуттук айдоочулук күбөлүгүн колдоно алышат. Бул тууралуу КР ТИМи билдирди.
Бирок бул эреже туруктуу жашоого уруксат алгандар үчүн иштебейт.

"Кыргызстан менен Казакстан БУУнун "Жол кыймылы жөнүндө" Вена конвенциясынын мүчөлөрү болуп саналат. Ага ылайык, конвенциянын катышуучулары тараптардын аймагында берилген айдоочулук күбөлүктөрдү өз ара тааныйт. Ал эми Казакстандын "Жол кыймылы жөнүндө" мыйзамы боюнча, чет өлкөлүк жарандар Казакстанда туруктуу жашоого уруксат алгандан 60 күндөн кийин айдоочулук күбөлүгүн казак үлгүсүнө алмаштырууга тийиш болот. Чет өлкөлүк айдоочулук күбөлүктү алмаштыруу үчүн зарыл документтерди (паспорт, айдоочулук күбөлүк, медициналык аныктама жана мамлекеттик алым төлөө) тапшыруудан тышкары теориялык экзаменден өтүү талап кылынат", — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин депутат Эмил Токтошев Казакстанда туруктуу жашоого уруксаты бар кыргызстандыктарга өз мекенинин айдоочулук күбөлүгү менен жүрүүгө тыюу салынганын билдирген. Парламентарийдин айтымында, мигранттар Казакстанда камсыздандыруу полиси берилбей, айып салынып, жергиликтүү айдоочулук күбөлүк алуу талабы коюлуп жатканын айтып арызданышкан.
Бишкек — Алматы трассасы убактылуу жабылды