Кубакы ашуусу убактылуу жабылды

Унаа кыймылына аба ырайына байланыштуу чектөө киргизилген.
Sputnik
БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Бишкек – Нарын – Торугарт трассасындагы Кубакы ашуусу жолдун тайгагынан улам эки тараптуу жабылганын президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгү маалымдады.
Чектөө бүгүн саат 16:30да киргизилген. Учурда жол тейлѳѳ ишканасы жолго инерттик материалдарды себүүдө. Анын жыйынтыгы менен кайра унаалардын жүрүшүнө уруксат берилет.
Жүргүнчүлѳр Балыкчы – Нарын каттамы аркылуу жүрүп жаткандыгы белгиленген.
Айдоочуларга жана жүргүнчүлөргө аталган каттам менен жолго чыкпай туруу эскертилди.
Бишкек — Алматы трассасы убактылуу жабылды