БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Кеминдеги кийим тигүүчү ишкана Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун (РКӨФ) колдоосу менен бардык продукциясын ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттоп жатат. Бул тууралуу фонддун маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, "Кемин Текст" ишканасы былтыр фонддон жеңилдетилген насыя алып, заманбап жабдуу сатып алган. Учурда суткасына 300 даанага чейин кышкы курткаларды тигүүдө. Бул жерде 90 адам эмгектенет.
Кыргызстандын тигүү тармагы өнүгүп, 2023-жылы өндүрүштүн көлөмү 36 пайызга өскөн. РКӨФ жалпысынан бул жаатта 37 миллион долларга бааланган 150дөн ашык долбоорду каржылаганы кошумчаланды.