Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Лавров: ЕБ Киев аркылуу Россиянын жүрөгүнө жетүүнү көздөгөн

Министр Батыш Россияны ооздукташ үчүн Украинаны "бардык жактан" колдонуп жатканын айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Россиянын маалыматтарына таянсак, Евробиримдик Киевге узакка атылуучу куралдарга басым жасоону сунуштаган. Бул туурасында РФ ТИМ жетекчиси Сергей Лавров "Россия сегодня" медиаборборунда өткөн "Евромайдан: Украинанын жоготкон ондогон жылдары" деп аталган конференцияда айтты.
"Украинага "Россиянын жүрөгүнө" жетүү үчүн алыска атыла турган куралдарга басым жасоого кеңеш (ЕБ - ред.) беришкен. Евробиримдиктин муну менен элдин ишенимин жоготуп, дүрбөлөң түшүрүп, башаламандык жасоо ойлору болгон", — деди ТИМ жетекчиси.
Европанын тышкы саясат боюнча кызматы "Украина азыркы ыкма менен согушуп отурса жеңе албай, акырында утулат" деген бүтүмгө келгендиктен, Киевге жогорудагыдай жолду сунуштаган.
Министр Батыш Россияны ооздукташ үчүн Украинаны "бардык жактан" колдонуп жатканын айтты. Москвага дүйнөлүк аренада "өзүнө тиешелүү" ролун ойноого мүмкүнчүлүк бербей жана стратегиялык жактан аксатууну көздөгөн.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Лавров Евромайдандын кесепети боюнча иш-чарада эмне деди. Тезис