Радио

Набиев: дыйкандарды суу ресурстарын туура пайдаланууга үйрөтүү керек

Суу чарба кызматынын алдындагы долбоорлорду башкаруу бөлүмүнүн директору Нурлан Набиев дыйкандарды суу ресурстарын туура пайдаланууга үйрөтүп, аны сактоого аракет көрүү керектигин айтты.
Sputnik
Суу ресурстарынын климаттын өзгөрүшүнө жана табигый кырсыктарга туруктуулугун жогорулатууга басым жасоо керек. Бул тууралуу Нурлан Набиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Суу чарба кызматы ирригациялык системаларды жана айыл чарба жерлерин башкаруу боюнча иштерди кызуу улантып жатат.
"Бүгүнкү күндө өлкөдө 1 миллион 50 гектарга жакын жер сугат жер болуп саналат. Бирок акыркы убактарда климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу суунун тартыштыгы байкалып, аймактагы көйгөйлүү маселеге айлана баштады. Биз учурда суу ресурстарын туура башкарууга көңүл буруп, ирригациялык системаларды жакшыртуу иштерин кызуу жүргүзүп жатабыз. Бирок анын баары каражатка барып такалууда. Учурда Суу чарба кызматы "Суу ресурстарынын климаттын өзгөрүшүнө жана табигый кырсыктарга туруктуулугун жогорулатуу" долбоорун ишке ашырууда. Долбоор Жалал-Абад, Ош, Баткен жана Чүй облусундагы 20 миң гектарды камтып, 2022-2025-жылдар аралыгында аткарылат. Анын алкагында дыйкандарды суу ресурстарын туура пайдалануу, айыл чарба өсүмдүктөрүн себүү, биологиялык препараттарды колдонуу, жер семирткичтерди колдонууга байланышкан бир топ окутуу иштери да болду", — деди Набиев.
Ошондой эле адис Айыл чарба министрлиги азык-түлүк коопсуздугуна өзгөчө көңүл буруп, ирригациялык маселелерди чечүүдө ыкчам чараларды көрүп жатканын кошумчалады.