БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Дерматолог Юлия Галлямова Sputnik радиосуна курган маегинде беттеги безетки көбүнчө адам туура эмес тамактангандан улам чыгарын, мындай абалды алдын алуу үчүн кайсы азыктардан оолак болуу керектигин түшүндүрүп берген.
Бул азыктардын катарына ал адегенде эле фастфуддарды киргизди. Дарыгер адамдын организми кабыл алган нерселерди кайра чыгаруучу система болгондуктан фастфуддагы зыяндуу заттар беттин териси аркылуу да чыгарын эскерткен.
"Адам жеген нерселер тери аркылуу да бөлүнүп чыгат. Ал эми фастфуд – кайра иштетилген майлар. Тери аркылуу чыгууга аракет жасап жатып май бездерине топтолуп, ал жерлер сезгене баштайт", – деди Галлямова.
Дерматолог теринин сапатын буза турган азыктардын тизмесинде таттуулар жана сүт азыктары бар экенин белгилеген.
"Экинчи орунда таттуулар турат. Углевод, кант теринин ичиндеги майларды көбөйтүп, ал да сезгенүүгө алып келет. Уйдун сүтүндө теридеги май бездерин көбөйтө турган белок бар экендиги аныкталган", – деген Галлямова тери жылмакай, тунук көрүнүшү үчүн аталган азыктарды рациондон азайтуу зарылдыгына токтолгон. Ошол эле учурда өсүмдүк майын, көк чөп жана жашылча-жемиштерди сунуштаган.
"Рационго зайтун же зыгыр майлары өңдүү олеин кислотасы бар майларды кошуу керек. Көк чөптөрдү, С витамини көп азыктарды, А витаминине бай капуста, сабиз өңдүү азыктарды жеген туура. D витаминин да эстен чыгарбоо керек. Биз жеген азыктардын жыйындысы экенибизди түшүнүүбүз кажет", — деген дерматолог.