Бишкек — Алматы трассасы убактылуу жабылды

Sputnik
БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Катаал аба ырайына байланыштуу Бишкек — Алматы трассасы убактылуу жабылды.
Чек ара кызматы айдоочуларды сапарга чыгууну алдын ала пландап, ал эми учурда жолдо жүргөндөрдү ар кандай кырдаалга даяр болууга чакырды.
Мекеме азык-түлүк, жылуу кийим, суу жана күйүүчү майды көбүрөөк камдап алууну сунуштады.
Бишкектин мектептеринде сабактар үч күн 30 мүнөттөн өтүлөт