Советтик аскерлердин Афганстандан чыгарылышынын 35 жылдыгы белгиленди. Видео

Коргоо министри согуш отунан жети миңден ашык кыргызстандык өткөнүн белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Бишкектеги Ататүрк атындагы паркта советтик аскерлердин Афганстандан чыгарылышынын 35 жылдыгына арналган митинг-реквием өттү.
Иш-чарага коргоо министри, калаа мэри, ардагерлер, окуучулар, коомчулуктардын жана КРде аккредитациядан өткөн аскердик-дипломатиялык корпустун өкүлдөрү катышты.
Митингдин катышуучулары афган согушунун жоокерлеринин монументине гүл коюп, согуштан кайтпай калган кыргызстандыктарды эскерип бир мүнөттүк аза күтүштү. Жоокерлер асманга үч жолу ок атышты.
1 / 5

Бишкектеги Ататүрк атындагы паркта советтик аскерлердин Афганстандан чыгарылышынын 35 жылдыгына арналган митинг-реквием өттү

2 / 5

Иш-чарага коргоо министри, калаа мэри, ардагерлер, окуучулар, коомчулуктардын жана КРде аккредитациядан өткөн аскердик-дипломатиялык корпустун өкүлдөрү катышты

3 / 5

Митингдин катышуучулары афган жоокерлеринин монументине гүл коюп, согуштан кайтпай калган кыргызстандыктарды эскерип бир мүнөттүк аза күтүштү

4 / 5

Жоокерлер асманга үч жолу ок атышты

5 / 5

Коргоо министри Бактыбек Бекболотов Афганстандан советтик жоокерлердин чыгарылышынын күнү — согушта каза болгондорду эскерүү күнү катары дагы эсептелерин белгиледи

Коргоо министри Бактыбек Бекболотов Афганстандан советтик жоокерлердин чыгарылышынын күнү — согушта каза болгондорду эскерүү күнү катары дагы эсептелерин белгиледи.
"Бул согуштун отунан 7 141 кыргызстандык өттү. Алган жаракатынан 300 киши көз жумду, 383ү майып болуп калды, 1 500ү оор жаракат алды, төртөө дайынсыз жоголгон. Муну унутууга болбойт. Биздин мекендештер Афганстанда согушуп гана тим болбостон, бул өлкөнү калыбына келтирүү иштерине дагы катышкан", — деди Бекболотов.
Афган согушунун аяктагандыгына 35 жыл болду. Тарыхый видео