"Өткөн жылдын май айында Садыр Жапаровдун Кытай Эл Республикасына мамлекеттик сапарынын алкагында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлган. Анын ичинде Айыл чарба министрлиги менен Хэбэй провинциясындагы "Бэй Доу Цзя" компаниясы менен республикада жер семирткич чыгаруучу завод куруу боюнча инвестициялык макулдашууга кол коюлду. Жер семирткичтерди чыгаруучу заводду курууга 260 миллион доллар жумшалат. Учурда архитектуралык-пландоо шарттары жана техникалык-экономикалык негиздемеси даярдалууда. 2024-жылдын биринчи кварталынан кийин курулушту баштоону пландап жатабыз. Биринчи этапта минералдык жер семирткичтерди (200 миң тонна), экинчисинде карбамид (жылдык кубаттуулугу 300 миң тонна) өндүрүү каралган. Завод курулуп, минералдык жер семирткичтер өндүрүлө баштаса биз, тескерисинче, экспортко багыт алабыз", — деди Тойматов.