БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Улуттук статистика комитети 2023-жылы Кыргызстанга 184 789 жеңил машина импорттолгонун кабарлады.
Сырттан кирген автоунаалардын жалпы баасы 2 миллиард 766,9 миллион долларды түзгөн. Өлкөгө 61 мамлекетте өндүрүлгөн машина кирген.
Ири импортерлор (5 миңден ашык авто):
Кытай — 79 131;
Түштүк Корея — 50 397;
Россия — 14 437;
АКШ — 11 953;
Япония — 9 300;
Германия — 6 615.
2022-жылы Кыргызстанга 41 241 автоунаа жеткирилген.
Автоунааларды импорттоо боюнча Улуттук статистика комитетинин 2018-жылдан берки маалыматы:
2018 — 3 835;
2019 — 18 527;
2020 — 25 629;
2021 — 13 116;
2022 — 41 237.
2018-2022-жылдары өлкөгө жалпысынан 102,3 миң унаа алып келинген. Өткөн жылы импорт ага чейинки беш жылдыкка салыштырганда 1,8 эсе көп болгон.
2023-жылы Кыргызстан 8,3 миң автоунаа экспорттогон, алардын көбү Россияга кеткен (2022-жылы 2 миңден азыраак экспорттолгон).