КРСУнун делегациясы индустриялык өнөктөшү болгон "Жер-Үйгө" барды

Комбинаттын өкүлдөрү жана Талас облусунун жетекчилиги менен жолугушуу болду.
Sputnik
БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Кыргыз-Россия славян университетинин делегациясы "Жер-Үй" алтын кен комбинатына (Талас облусу) барды. Бул окуу жайдын биринчи индустриялык өнөктөшү экенин КРСУнун маалымат кызматы билдирди.
Сапар Жер-Үй кенин иштетип жаткан "Альянс Алтын" компаниясы менен КРСУнун өнөктөштүк байланыштарын өнүктүрүүнүн алкагында уюштурулган.
"Комбинаттын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөр жүрдү. Сапардын негизги максаты — билим берүү мекемеси менен ишкананын кызматташуусун бекемдөө, тоо-кен тармагы боюнча тажрыйба алмашуу", — деп айтылат маалыматта.
Жогорку окуу жайдын өкүлдөрү комбинаттагы технологиялык процесс менен таанышып, өндүрүш аянтчаларын карап, бирдиктүү изилдөөлөр менен долбоорлордун келечегин талкуулашкан. КРСУ окумуштууларынын сыноолору, жаңы технологиялык процесстер жөнүндө дагы кеп болгон.
Мындан тышкары, университеттин өкүлдөрү Талас облусунун жетекчилиги менен жолугушуу өткөрүп, аймактын жогорку жана орто билим берүү мекемелеринде иштеген педагогдордун квалификациясын жогорулатуу маселеси талкууланган.
"Мындай жолугушуулар бизге эмгек рыногунун талаптарын жакшы түшүнүүгө жардам берип, окуу программабызды жаңы билим жана практикалык тажрыйба менен байытат. Бирдиктүү долбоорлор менен демилгелер билим менен бизнестин ортосуна көпүрө түзүп, мыкты адистерди даярдоого өбөлгө болот", — деди Лоцев.
"КМШдагы мыкты окуу жай". Чүйдүн башчысы КРСУну алкады