ИИМ: тез арада айдоочулук күбөлүк жасап берүүнү сунуштагандарга ишенбегиле

Документти жасалмалоо жана аны колдонуу эки жылдан беш жылга чейинки эркинен ажыратуу менен жазаланат.
Sputnik
БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Ички иштер министрлиги социалдык тармакта тез жана арзан баада айдоочулук күбөлүк жасалат деген жарнамаларга ишенбөөгө чакырды.
Министрлик мындай документтин баары жасалма болорун эскертет. Ошондой эле жасалма айдоочулук күбөлүк жасатуу кылмыш экенин бардык эле адамдар түшүнө бербегени айтылган.
Жасалма документтер ИИМдин маалымат базасына киргизилбейт, анын коргоо белгилери болбойт.

"Эртеби-кечпи, жасалма документ жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери тарабынан аныкталат. Жасалма айдоочулук күбөлүктөрдү даярдоо кызматтарына кайрылардан мурун кийин көйгөй жараларын эстен чыгарбаңыз", — деп эскертти министрлик.

Документтерди жана мөөрлөрдү жасалмалоо, аларды сатуу жана пайдалануу эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу менен жазаланат.
Бишкекте баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө айыпталып милиционер кармалды