Эмгек министрлигинин 21 кызматы "Түндүк" порталында жеткиликтүү

Sputnik
БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Азыркы учурда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине тиешелүү 21 кызмат "Түндүк" мамлекеттик порталында жеткиликтүү. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.
Мындай иштер калкка көрсөтүлүп жаткан кызматтардын сапатын, даректүүлүгүн жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында жасалууда.

Күбөлөндүрүү, кайра күбөлөндүрүү, майыптык фактысын аныктоо жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын (МСЭК) процесстери (088/у формасы) автоматташтырылган. Азыр республика боюнча 46 райондук бөлүмдү камтыган "Оор турмуштук кырдаалдагы балдар" маалыматтык системасы (АМС) активдүү ишке ашырылууда", — деп жазылат кабарда.

Учурда дагы беш сервисти автоматташтыруу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Алар:
"Үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулу;
"Социалдык жөлөк пул";
Жарандарды жумушсуз катары каттоо жана тиешелүү маалым каттарды берүү;
Кесиптик даярдоого, квалификацияны жогорулатууну кайра даярдоого жиберүү;
Акы төлөнүүчү иштерди уюштуруу программаларынын алкагында жарандарды убактылуу иш менен камсыз кылуу.
Паспортко документ тапшыргандан кийин даяр болгонун эки ыкма менен билсе болот