Пресс-борбор

Эксперт: ЕАЭБге медициналык билим берүүнүн бирдиктүү стандарттары керек

Буга чейин Кыргызстанда үч жылдык интернатура программасы киргизилип, бирок майнаптуу болгон эмес.
Sputnik
БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Евразиялык экономикалык биримдикте медициналык билим берүүнүн бирдиктүү стандарттарын иштеп чыгуу зарыл. Бул тууралуу Кыргызстан эл аралык университетинин Эл аралык медицина мектебинин ректору, Улуттук илимдер академиясынын академиги, министрлер кабинетинин төрагасынын кеңешчиси Асылбек Айдаралиев Sputnik пресс-борборунда өткөн видеокөпүрө учурунда билдирди.
Анын айтымында, буга чейин Кыргызстанда үч жылдык интернатура программасы киргизилип, бирок майнаптуу болгон эмес. Болочок дарыгерлер ага тапшыруудан баш тартып, аягында бир жылдык программага кайтып келүүгө аргасыз болушкан.
“ЕАЭБде бирдиктүү стандартташтыруу болушу керек: бир жыл интернатура, эки жыл ординатура”, — деди Айдаралиев.
Беларустан кошулган катышуучу ЕАЭБ өлкөлөрүндө медициналык билим берүү программасын түзүү үчүн ар бир өлкөдөн бирден окуу жайды камтыган тармактык университет түзүү сунушун колдоду.
Ошондой эле бул боюнча пикирин Дипломдук билим берүүдөн кийинки медициналык академиянын директору, Кыргыз медициналык кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу институтунун геронтология жана гериатрия курсунун башчысы Гүлмира Баитова пикирин билдирди.
“ЕАЭБ аймагында бирдиктүү билим берүү мейкиндигин түзүүнүн чоң келечеги бар. Эгерде аталган чөйрөдө тармактар түзүлүп, стандарттык иштөө процедуралары жана билим берүү стандарттары даярдалса, бул жаатта жигердүү иштөөгө даярбыз”, — деп белгиледи адис.
ЕАЭБ өлкөлөрү аркылуу Россияга кирген унаа үчүн төлөм эсептөө тартиби өзгөрөт