БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. ЕАЭБ өлкөлөрүнө кайсы медициналык адистер талап кылынарын Евразия экономикалык комиссиясынын Эмгек миграциясы жана социалдык коргоо департаментинин директору Алтынай Өмүрбекова Sputnik маалымат борборунда өткөн видеоконференция учурунда билдирди.
Өмүрбекованын айтымында, ЕЭК жыл сайын интеграциялык бирикменин эмгек рыногунда эң көп суроо-талапка ээ болгон кесиптердин тизмесин түзөт. Уюмдун үч же андан көп мамлекеттеринде талап кылынган адистиктер жогоруда айтылган категорияга кирет.
Суроо-талап жогору болгондор:
жалпы практикалык дарыгерлер (үй-бүлөлүк дарыгерлер);
Тез жардам кызматына медиктер;
кардиологдор;
инфекционисттер;
эпидемиологдор;
фельдшерлер;
лаборанттар;
медайымдар.
Өмүрбекова комиссиянын сайтына жарыяланган тизме жыл сайын жаңыланып турарын билдирген.