Ошто чет элдик жарандан 2 млн. сом талап кылган милиционер кармалды

Милиция кызматкери менен чет элдик жаранды опузалаган аял сүйлөшүп алып, АКШ жаранынан акча алмак болушкан.
Sputnik
БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Чет элдик жарандан 2 миллион сом талап кылган Ош облусунун Ички иштер башкармалыгынын бөлүм башчысы кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, 2023-жылдын декабрь айынын аягында Н.Б. аттуу АКШ жараны Ош облусунун Ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысына кайрылып, М.Н.М. аттуу аялга чара көрүүнү өтүнгөн.
"Маалым болгондой, ал аял чет элдик жаранды зордуктады деп шантаж кылган. Бирок милиционер М.Н.М. аттуу аялга чара көрбөй, тескерисинче, аны менен кошо АКШнын жаранын опузалап 2 миллион сом акча талап кылган. Чет элдик жаран кийин Ош шаардык ички иштер башкармалыгына кайрылган. Бул иш боюнча кылмыш иши козголуп, М.Н.М. аттуу аял акча алып жаткан жеринен кармалган. Ал эми милиционер качып кетип, кийин колго түшүрүлгөн", — деп жазылат маалыматта.
Милиция кызматкери учурда УКМКнын убактылуу кармоочу жайында экени кошумчаланды.
Жаш кыздарды алдап чакырып... Бишкекте сойкукана иштеткендер кармалган видео