ИИМ ири өлчөмдө баңгизат менен кармалган милиционердин видеосун жарыялады

Буга чейин ишенимдүү булактар милиционердин жанынан 100 куту гашиш табылганын айтса, ИИМ маалыматында баңгизаттын өлчөмүн көрсөткөн эмес.
Sputnik
БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Жанынан баңгизат табылган милиционер менен кошо үч адам кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.

"11-февралда колго түшүрүлгөндөрдүн биринин жанынан милициянын сержанты наамындагы күбөлүк алынган. Кармалгандардын экөө Жаза аткаруу кызматынын №21 тергөө абагына киргизилген", — деп айтылат кабарда.

Буга чейин ишенимдүү булактар милиционердин жанынан 100 куту гашиш табылганын айтса, ИИМ маалыматында баңгизаттын өлчөмүн көрсөткөн эмес. Алар жарыялаган видеодон 48 кутучаны көрүүгө болот.
Ошто мектеп мугалими баңгизат сатууга шектелип кармалды. Видео