БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Жапаров жумушчу сапары менен Москвага барган.
Өкмөт башчылары кыргыз-орус соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуунун маанилүү деген маселелерин талкуулашкан.
“Анда энергетика, өнөр жай, транспорт, маданий-гуманитардык тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду”, — деп жазылган маалыматта.
Тараптар ошондой эле ЕАЭБ, КМШ жана башка көп тараптуу форматтардын алкагында кызматташууну мындан ары тереңдетүүнү да сүйлөшкөн.