Куралдуу күчтөрдү алып чыгуу эки этап менен жүргөн. СССР 1988-жылдын май айынан августка чейин 12 провинциядан 50 миңден ашык жоокерди жөнөтүшкөн. Ал эми 1988-жылдын декабрынан тарта 40-армиянын бөлүктөрү толугу менен кеткен.
Пяндж дарыясындагы көпүрөдөн аскерлер так түзүлгөн план менен тынч өтүп, аларды СССР тараптан журналисттер, тиешелүү адамдар тосуп турушкан.
Чындыгында Афганстанда туткунга түшкөн аскер кызматкерлери жана аталган аймактан чыгып келе жаткан жоокерлерди коргоп, сак-сактап кайтарып турган чек ара бөлүктөрү калган. СССРдин КГБсынын чек ара аскерлери Афганстандын аймагында туруп, советтик-афгандык кээ бир бөлүктөр менен чек араны коргоо милдетин 1989-жылдын апрелине чейин аткарган.
СССРдин афган согушунда жоготкон жоокерлеринин расмий айтылган саны — 15 051 адам. Он жылга чукул уланган согушта интернационалчы жоокерлердин арасында 7 000 кыргызстандык да болгон. 300гө жакын аскер баатырларча курман болуп, 1500ү жаракат алган. Ал эми төрт аскер кызматкеринин дайыны чыкпай калган.
СССР Афганстанга заводдорду, фабрикаларды, мектептерди, ооруканаларды, аэродромдорду, ГЭС жана газ түтүктөрүн таштап кеткен.
Тема боюнча: