16-февралга карата аба ырайы

16-февралда түнкүсүн аба ырайы кескин өзгөрүп, республиканын көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен кар жаайт.
Sputnik
БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Жума күнү күндүз өлкөнүн айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаап, жолдор тоңуп тайгак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 17-22 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй, Талас жерлеринде +2…-3, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +7…+12, Ысык-Көл облусунда +2…+7, Нарын чөлкөмүндө -1…+1 градусту көрсөтөт.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +3…-2, Ош шаарларында +10…+12 градус болот.
Жаан жаап, кар түшөт. Кыргызстанда бир жумага карата аба ырайы