ЖККУ: Батыш менен АКШнын деструктивдүү аракеттери — коркунучтун негизги булагы

Сердюковдун айтымында, ЖККУнун жоопкерчилик зонасындагы аскердик-саясий кырдаал татаал деп мүнөздөлүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. АКШ жана Батыш мамлекеттеринин деструктивдүү ишмердүүлүгү аскердик коопсуздукка жаралган коркунучтардын негизги булагы болуп саналат. Бул тууралуу ЖККУнун Бирдиктүү штабынын начальниги Андрей Сердюков брифингде билдирди.
Анын айтымында, ЖККУнун жоопкерчилик зонасындагы аскердик-саясий кырдаал татаал деп мүнөздөлүүдө.
"АКШнын жана Батыш өлкөлөрүнүн деструктивдүү иш-аракеттери аскердик коопсуздукка жаралган коркунучтардын негизги булагы бойдон калууда. Анын натыйжасында БУУ Уставынын принциптерине негизделген глобалдык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча түзүлгөн структуралар бузулуп жатат. Курал-жаракка көзөмөл кылуу, куралсыздануу жана аны таркатпоонун эл аралык режимдери токтоп калды. Мунун баары ЖККУ жоопкерчилигинин периметри боюнча көптөгөн чыр-чатактарды жаратат жана айрым мамлекеттердин ортосундагы ички саясий жана этностор аралык карама-каршылыктардын күчөшүнө алып келет", — деген Сердюков.
Быйыл ЖККУнун үч машыгуусу Кыргызстанда өтөт