"Учурдагы "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" мыйзамдан райондук кеңештер жөнүндө ченемдер алып салынды. Бул жоболор кабыл алынгандан бери иштебей турган. Баш мыйзамга ылайык, жергиликтүү кеңештер тиешелүү аймактын бюджетин, социалдык-экономикалык өнүгүү программаларын бекитиши керек. Ал эми өлкөдө бюджет республикалык жана жергиликтүү болуп, эки баскычтан турат. Ал эми райондук кеңештин бюджети жок болчу. Мындан тышкары, 2021-жылдан баштап шаар мэрлерин, айыл өкмөттөрүн, аким, облустук, республикалык шаарлардын мэрлерин президент дайындайт. Ошондуктан иштебеген райондук кеңештер жөнүндө жобо алып салынды. Мындайча айтканда, райондук кеңештер жөнүндө жобо мыйзамда жазылган, бирок иш жүзүндө алар иштеген эмес", — деди Бакасов.