"Кыргызстан тикмечилик менен таанылып калды. Азбы, көппү, бул тармакта салган чыйыр жолу бар. Азыркы ЕАЭБ өлкөлөрү кыргыз тикмечилигинен жаралган продукциянын мыкты сапатта болгонун унутуша элек. Андыктан өлкөнүн бул багытты экономикадагы приоритеттүү тармак катары кармап калуу мүмкүнчүлүгү кенен. Болгону үч багытта өкмөт ишкерлерге жардам колун сунса жеңил өнөр жай тармагы жаңы дем менен кошуна мамлекеттердин жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн рыногун ээлей алат. Биринчиден, жеңил өнөр жай тармагындагы техниканы жаңылап чыгуу зарыл. Ал үчүн ишкерлерге аз пайыздагы насыялар каралышы шарт. Экинчиден, өлкөдө бар жүн, пахта, булгаарыдан сырье чыгарылса, ишкерлер аны сатып алып кийим тиксе жакшы болмок. Бул Кытайдан келген кездемелерге караганда сапаттуу чыкмак. Үчүнчүдөн, тикмечилердин иш тартибин жөнгө салган механизмдер жана алардын билим деңгээлин, маданиятын көтөргөн программалар зарыл. Ошондой эле сырттан келип жаткан квоталарга чектөө киргизип, кыргызстандыктарды аталган тармакка тартууга басым жасалса акча сыртка агылбай, эмгек миграциясынын да төмөндөшүн шарттамак", — деди Бектурова.