БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Кыргызстандык программисттер ChatGPT жасалма интеллектинин кыргызча аналогу болгон "Акылай" долбоорун өнүктүрүүдө. Бул тууралуу санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева Дубайда өткөн дүйнөлүк саммитте билдирген.
Ал жасалма интеллект жаатында өлкөнүн айрым жетишкендиктерине токтолгон.
"Биздин бай кыргыз тилибиз санариптик үндө жаңырууга татыктуу. Ошондуктан былтыр министрлер кабинети күчтүү жасалма интеллектиси менен суперкомпьютерге инвестиция жасап, Siri же Алиса сыяктуу кыргыз тилдүү чатботко жол ачкан. Элестеткиле, сиз өз эне тилиңизде жасалма интеллект менен баарлаша аласыз. Маалымат жеткиликтүү болуп, маданий мурастарды сактап калуу — долбоорду ишке ашыруудагы кыял", — деген Кутнаева.
Министр мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу үчүн калкты тейлөө борборлоруна жасалма интеллект киргизүү пландары менен бөлүшкөн.