Пресс-борбор

Мугалимдер үчүн "Санарип кампа" иштей баштайт. Министрлик чоо-жайы тууралуу

Министрдин орун басарынын айтымында, азыркы тапта мугалимдердин материалдарынын баары ар кыл санарип булактарда жайгашкан.
Sputnik
БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Кыргызстанда билим берүүгө байланышкан бардык маалыматтарды электрондук форматта сактаган "Санарип кампа" долбоору ишке кирет. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинде өткөн маалымат жыйында билим берүү жана илим министринин санариптешүү боюнча орун басары Лира Самыкбаева билдирди.
Билим берүү жана илим министринин санариптешүү боюнча орун басары Лира Самыкбаева
Анын айтымында, бул — тиркеме катары кире турган үч программалык сервистин бири.
"Коронавирус пандемиясы учурунда ар кандай видеосабактар, видеокласстар, презентациялар, тест, сурамжылоолор түзүлүп жасалды. Баары тең ар кайсы булакта жайгашкан. Материалды издөөгө көп убакыт кетет. Санарип репозиторийинде жасалма интеллект (ЖИ) колдонулат. Ал мугалимдерге репозиторийде сакталган материалдарды табууга жардам берет. Мисалы, эгер физика мугалими кайсы бир тема боюнча маалымат издей турган болсо, ЖИ дагы "Санарип кампадан" тийиштүү маалымат чогултуп, видео, сүрөт боюнча иштейт. Учурда "Санарип кампа" STEM-предметтер боюнча кыргыз тилинде иштелип чыгууда", — деди Самыкбаева.
Программисттер ChatGPT жасалма интеллектинин кыргызча аналогун өнүктүрүүдө