Быйыл ЖККУнун үч машыгуусу Кыргызстанда өтөт

Sputnik
БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Кыргызстанда ЖККУнун алкагында үч машыгуу өтөт. Бул тууралуу уюмдун Бириктирилген штабынын жетекчиси Андрей Сердюков билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстандын, Казакстандын жана Тажикстандын аймагында атайын жана бирдиктүү машыгууларды өткөрүү — Бириктирилген штабдын негизги тапшырмасы.

"ЖККУнун жыл сайын өткөрүлчү машыгуулары эл аралык коопсуздукту жана стабилдүүлүктү бекемдөөгө салым кошуп, уюмга мүчө өлкөлөр аймактагы тынчтыкты бузгусу келгендерге биргеликте катуу каршылык көрсөтө турганын демонстрациялап келет", — деди Сердюков.

Презентацияга караганда, быйыл Борбор Азия аймагында жалпы жонунан алты негизги иш-чара пландалган. Алардын үчөө Кыргызстанда өтөт (сентябрь айында). Дагы экөө Тажикстанда, бирөө Казакстанда уюштурулат.
Россия ТИМи: Батыш террорчуларды ЖККУ өлкөлөрүн чайпалтыш үчүн колдонот