БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Кыргызстандагы орус тили жана адабияты сабактарынан берген мугалимдер квалификациясын жогорулатуу үчүн Санкт-Петербургда "Кышкы мектеп" курстарына катышууда. Бул тууралуу Россиянын илим жана маданият борбору ("Русский дом") билдирди.
Ага ылайык, мугалимдер Бишкек, Ош, Чолпон-Ата шаарларынан, Жалал-Абаддын Токтогул, Оштун Кара-Суу райондорунан жана Чүй облусунун Ленинское, Кошой жана Кайыңды айылдарынан барышкан.
Кыргызстандыктардан тышкары, Армения, Азербайжан, Беларусь, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Швеция жана Түштүк Осетиядан барган педагогдор окуудан өтүүдө.
Бир жуманын ичинде мугалимдер балдар менен психологиялык иштин аспектилерин, ошондой эле окутуунун жаңы ыкмаларын үйрөнүп чыгары кошумчаланды.
"Орус тилин чет тил катары окуткан окутуучуларга ар дайым суроо-талап болуп келген. Азыркы олуттуу геосаясий турбуленттүүлүккө карабастан орус тилин үйрөнүүгө кызыккандар көп экенин көрүп жатабыз. Бир гана КМШда эмес, Европа, Түштүк-Чыгыш Азия жана Африка континентинин өлкөлөрү тарабынан да кызыгуу бар", — деди Россия кызматташтыгынын жетекчисинин орун басары Павел Шевцов.
Катышуучулардын баары квалификациясын жогорулаткандыгы жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү сертификаттарды алышат. Курсту Россия кызматташтыгы менен Санкт-Петербургдун тышкы байланыштар боюнча комитети уюштуруп жатканы белгиленди.