Кыргызстан Кытайга 10 миң тонна грек жаңгагын жеткирет

Буга чейин бул өлкөгө 500 тонна жаңгак жеткирилген.
Sputnik
БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Кытайга 10 миң тонна грек жаңгагын жеткирүү боюнча келишим түзүлдү. Бул тууралуу КР Айыл чарба министрлиги билдирди.
Келишим экспортту көбөйтүү жана ата мекендик продукцияны сатууга жаңы рынокторду издөө иш-аракеттеринин алкагында кол коюлган.
"10 миң тонна грек жаңгагын Кытайга экспорттоо боюнча келишим түзүлдү. Экспорт январда эле башталган. Азыр 500 тоннасы жеткирилди", — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Улуттук статистика комитетинде экспорт боюнча өзүнчө маалымат жок. Соңку ирет "түрдүү жаңгактар" (категорияга грек жаңгагы да кирет) Кытайга 2020-жылы жеткирилген. Анда экспорттун көлөмү 340 тоннаны түзгөн.
2023-жылдын январынан ноябрга чейин Кыргызстан чет өлкөгө 21,2 миң тонна "түрдүү жаңгак" саткан.
Жалал-Абаддын 400 тонна жаңгагын Түркияга сатуу боюнча келишим түзүлдү