Кунарсыз жайыттар үчүн 207 тонна үрөн сатып алууга конкурс жарыяланды

Sputnik
БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Быйыл кунарсыз жайыттарды жакшыртуу максатында 207 тонна жайыт чөптөрүнүн үрөнүн себүү планы коюлду. Бул туурасында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.
Мамлекеттик сатып алуулар порталына 22 530 гектар жайытка жете турган үрөн сатып алуу үчүн конкурс жарыяланды. Сунушталган баа 60,6 миллион сомду түзөт. Сынакка катышууну каалагандар үрөндүн алты түрүн алып келип бериши шарт.
Белгилей кетсек, былтыр да кунарсыз жайыттарды калыбына келтирүү үчүн Россиядан 99,5 тонна үрөн сатып алынып, 10 миң гектар жерге себилген.
Январда өлкөдөн экспорттолгон мал импорттон он эсе көп болду
кунарсыз жайыт үрөн конкурс