Кыргызстан жыл ичинде чет өлкөдөн 15 млн. көчөт сатып алды

Импорттолгон көчөттөрдүн көпчүлүгү мөмө-жемиш, ийне жалбырактуу жана декоративдик өсүмдүктөр.
Sputnik
БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Көчөт өстүргөн чарбалар ушул жылдын жазгы сезонуна карата 3 миллион 316 миң 120 түп көчөт даярдады. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги маалымдады.
Мекеме билдиргендей, 2023-жылдын жыйынтыгы менен республикага 15 миллион 285 миң 384 түп көчөт импорттолгон. Анын ичинен:
мөмө-жемиш көчөттөрү – 6 780 390 түп;
декоративдик бак-дарактардын көчөттөрү – 2 879 196 түп;
гүлдүн көчөттөрү – 5 625 795 түп.
Бул убакыт аралыгында өлкөдөн экспорттолгон көчөттөрдүн жалпы саны 3 миллион 654 миң 912 түптү түздү.
мөмө-жемиш көчөттөрү – 990 666 түп;
декоративдик бак-дарактардын көчөттөрү – 993 868 түп;
гүлдүн көчөттөрү – 1 миллион 670 378 түп.
Министрликтен белгилешкендей, бүгүнкү күндө өлкөдө көчөт өстүргөн 100гө чукул жеке менчик питомник бар.
Радио
Кыргызстанда жер семирткичтерди кайдан сатып алууга болот?