БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Евробиримдиктин Украинага финансылык көмөгү Американын "Маршаллдын планынын" (АКШ Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Европа мамлекеттерине берген жардам) алкагында берген акчадан да ашып түштү. Бул туурасында РИА Новости Европалык реконструкция жана өнүктүрүү банкынын башчысы Одиль Рено-Бассо билдиргенин жазды.
"Ички дүң продукциянын үлүшүнөн алып реалдуу караганда (ЕБдин финансылык жардамы) Дүйнөлүк II согуштан кийинки "Маршаллдын планынан" да алда канча көп", — деп Рено-Бассонун айтканын Politico басылмасы жазган.
Ал Украина тышкы жардам аркылуу "өз бюджетинин жарымын алып койгонун" белгилеген.
Германиянын канцлери Олаф Шольц 2022-жылдын августунда Украинаны калыбына келтирүү "Маршаллдын планынан" да масштабдуу болорун жана миллиарддар кетерин айткан. Шольц бул маселе ЕБ менен G7 ортосунда талкууланып жатканын кошумчалаган.
"Маршаллдын планы" — Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Европа мамлекеттерине АКШ жардам берген программа. Сунуш 1947-жылы АКШнын мамлекеттик катчысы Жорж Маршаллдан чыккан.