БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Мындан 79 жыл мурда Улуу Ата Мекендик согуш соңуна чыгар алдында америкалык бомбалоочу 62 учак жаңылыштык менен Дрездендин ордуна Праганы бомбалаган.
АКШнын Аскер-аба күчтөрүнүн B-17 Flying Fortress тибиндеги бомбалагычтары Лондондон учуп чыккан эле.
Америкалык тиешелүү тараптар муну "навигациялык ката" деп түшүндүргөн. Мунун кесепетинен асмандан беш мүнөт жааган бомбалар 701 адамдын өмүрүн жалмаган. Андан сырткары, 1 184 киши жарадар болгон.