Америкалык журналист: АКШ Украина аркылуу өз коопсуздугун бекемдеп жатат

Sputnik
БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Британиялык журналист, The Economist журналынын башкы редактору Занни Минтон Беддос АКШнын Киевге куралды эмне максат менен берип жатканы туурасында эфир учурунда айтты.
Журналист Кошмо Штаттар өзүнүн коопсуздугун мүмкүнчүлүгү жеткен ыкмалардын ичинен эң арзаны — Украинага акча берүү менен коргоп жатканын белгилеген.
Анын видеосун Sputnik Ближнее зарубежье Telegram каналы жарыялады.
"Бул өтө жөнөкөй эле нерсе: согушту украиналыктар жүргүзүп жатат, алар өлүм таап жаткан адамдар. АКШ менен Европа аларга курал-жарак берип жатат", — деген ал.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украина үчүн коркунучтуу сценарий иш жүзүнө аша баштады