"2022-жылы "Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө" мыйзам кабыл алынды. Анда зергерлерди сырье менен камсыздоо каралып, айрым эрежелер ЕАЭБдин талаптарына шайкеш келтирилди. Мындан тышкары, Салык кодексинде зергерлер негизги каражаттарды импорттоодо кошумча нарк салыгынан төлөбөйт. Министрлер кабинетинин 2023-жылдын сентябрындагы токтомуна ылайык, зергерлер КНСтен 80 пайыз бошотулду. Мына ушундай укуктук-нормативдик жактан шарттардын түзүлүшү аталган тармакта өсүштү камсыз кылды", — деди Сагынбаев.
"Жогоруда аты аталган "Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө" мыйзам кабыл алынарда эл аралык тажрыйба изилденип, бир топ сунуштар берилген, бирок алардын 50-60 пайыздайы эле эске алынды. Ошол эле учурда жакшы натыйжага жетишүүгө мүмкүндүк берди. Мындан тышкары, салыктык жеңилдиктер дагы аталган тармактагы көмүскөдөгү ишкерлердин ачыкка чыгуусуна шарт түздү", — деди Акматов.