Радио

Алимырзаева: жеңил өнөр жай тармагында сапатты жоготуп алдык

Көп жылдан бери жеңил өнөр жай тармагында ишкерлик кылган Нурзат Алимырзаева өлкө аталган тармакты жоготуп баратат деген пикирде.
Sputnik
Тикмечилик жаңыдан башталганда бизди кардарлар "Кыргызстан — мода өлкөсү" деп атачу. Анткени ал жылдары профессионал бычмачы, тикмечилер эмгектенип, темирдей тартип менен иш жасалып, сапатка көзөмөл катуу болчу. Жыйынтыгында Кыргызстанда тигилген кийимдер жогору бааланчу. Андан бери 20 жылга жетпеген убакыт өттү. Жеңил өнөр жай багыты учурда тоодон ылдый кулап бараткан ташты элестетип калды. Мындай пикирин Нурзат Алимырзаева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Ал кайсы тармакта болбосун, иштеген адистерде мекенчилдик сезими болушу шарт деп эсептейт.

"Эгемендүүлүк келери менен кыргыз кыз-келиндери жеңил өнөр жай тармагын колго алды. Негизги кардарларыбыз Россия, Казакстан өлкөлөрү болду. Биздин тикмечилердин колунан чыккан кийимдер аталган мамлекеттерде өтө чоң суроо-талап жаратчу. Сатуучулар чай ичкенге убакыт таппай, узун кезекте турган кардарларды тейлеп жетишпей калышчу. Россиянын ири шаарларынан буюртмалар келе баштаган. Тилекке каршы, ал учурда иштеген профессионал, билимдүү адистердин көбү башка мамлекеттерге көчүп кетишти. Ал эми кийинки муунда болсо мекенди сүйүү сезими төмөндөп кеткендиктен, мурдагыдай темирдей тартип сакталган, сапатка көзөмөл күч болгон цехтерде эч ким иштегиси келбей калды. Баары эле өз көмөчүнө күл тартып үй тикмечиси болгусу келет. Мындай учурда тигүү технологиялары сакталбайт, иш режими жок. Кааласа тигет, кааласа тойго кетип калат, керектүү деңгээлде үтүктөлбөйт, тигилген кийимдер бизге тамак-аш, май жыттанып келет. Үй тикмечилеринин пайда болуусу менен биз жылдап курган "Кыргызстанда жасалды" деген баалуу брендди жоготуп бара жатабыз. Бизден тигүү технологиясын үйрөнүп кетип, өздөрүндө цех ачып иштетип жаткан өзбекстандык ишкерлер азыр Кыргызстанга келчү чоң кардарларды өздөрүнө буруп кетүүдө. Кытайдын майда фабиркалары Казакстан, Россияга чыга баштады. Ошентип кыргыз жеңил өнөр жайы тоодон кулаган таштай эле ылдыйлап баратат. Жеңил өнөр жайын көтөрүү үчүн, ЕАЭБ алкагында ушул рынокту ээлеп калуу үчүн бизге учурда үй тикмечиликти өнүктүрүү эмес, мыйзам чегинде цехте отуруп, бардык эрежелер сакталып иштеген чакан фабрикаларды көбөйтүү зарыл. Биз кайрадан сапатты кайтарып алышыбыз керек", — деди Алимырзаева.

Ал ошондой эле тикмечиликти окуткан окуу жайлар тигүү цехтери менен тыгыз иштешиши заман талабы болуп турганын кошумчалады.