Тиш дагы картаят. Стоматолог кам көрүүнүн жолун айтты

Тишке кам көрүү үчүн кальцийге бай азыктарды жеш керек.
Sputnik
БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Убакыт өткөн сайын тиш дагы организм менен кошо ар кандай оору же инфекциядан улам картаят. Бул тууралуу стоматолог-ортопед, гнатолог (жаактын анатомиялык өзгөрүүлөрүн изилдеген адис — ред.) Вячеслав Минко "Доктор Питер" басылмасына берген маегинде айтып берди.
"Тиш бир нече бөлүктөн турат. Биз көргөн бөлүгү эмаль деп аталат, анын астында дентин, андан соң пульпа жайгашкан. Эмаль менен дентин тиштин карылыкка бат баш ийген ткандарына кирет. Бирок бул дароо сезилбейт, андыктан стоматологго убагында барып туруу керек", — деген адис.
Анын айтымында, убакыт өткөн сайын тиш ткандарынын жаңылануу ылдамдыгы басаңдап, эмаль кырылып, морт болуп, түсү да өзгөрөт.
"Кичине жарака болсо да бактерияларга жагымдуу шарт түзүлүп, тиш чирий баштайт. Мындан улам жаактын түзүлүшү өзгөрөт, мындан адамдын келбети бузулуп, сулуулукту жоготот", — деп кошумчалаган Минко.
Тиштин тазалыгын сактоо үчүн күнүнө эки жолу туура жууп, стоматологго убагында баруу зарылдыгы айтылган. Ошондой эле кальций, коллагенге бай быштак, балык, мөмө-жемиш, чөп-чар, холодец жана сөөк кайнатып ичүү сунушталган.
Стоматолог: акыл азуунун пайдасы жок дегендер жаңылышат