Жапаров Кыргызстанга шарият принцибиндеги финансылык институт ачууга чакырды

Кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарын изилдөө үчүн банктын өкүлдөрү келе турган болду.
Sputnik
БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Дубай ислам банкынын төрагасы Мухаммад Аль-Шайбани менен жолугушту. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
Анда ири инвестициялык долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу, ошондой эле ислам каржылоо принциптерине негизделген банктык кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү маселелери талкууланды.
1 / 2

Президент Садыр Жапаров Дубай ислам банкынын төрагасы Мухаммад Аль-Шайбани менен жолугушту

2 / 2

Анда ири инвестициялык долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу, ошондой эле ислам каржылоо принциптерине негизделген банктык кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү маселелери талкууланды

“Кыргызстан өз ишин шарият ченемдерине ылайык так жүргүзгөн толук кандуу финансылык институтту ачууга кызыкдар. Бул максаттар үчүн өлкөдө укуктук база бар жана мындай финансылык кызматтарга кызыгуу күч”, — деди Жапаров.

Ошондой эле президент 1975-жылы ачылган Дубай ислам банкынын тажрыйбасы исламдык каржылоо кызматтарын жакшыртууга маанилүү салым болмоктун белгилеген.
Өз кезегинде банктын төрагасы Жапаровдун пикирин кубаттап, өз ара пайдалуу кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарын изилдөө үчүн банктын өкүлдөрүнөн турган жумушчу топту Кыргызстанга жиберүү ниетин билдирген.
Баарлашууда ал туризм тармагында биргелешкен долбоорлорду да ишке ашырууга кызыкдар экендигин ачыктаган.
Садыр Жапаров: Кыргызстанды региондук "бизнес-оазиске" айлантууну каалайбыз