РКӨФ быйыл чакан жана орто бизнеске 15 млн. доллар бөлүүнү пландап жатат

Sputnik
БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду (РКӨФ) быйыл чакан жана орто бизнеске 15 миллион доллар бөлүүнү пландап жатат.
"Ата мекендик ишкерлер Кыргызстандын өнөр жай потенциалын өнүктүрүүгө салым кошуп, идеяларын (анын ичинде биздин жардамыбыз менен) ишке ашыра алышат деген ишеничтебиз", — деген фонддун башчысы Артем Новиков.
Ал видеодо учурда өлкөдөгү кагаз стакандарын чыгарган жалгыз ишкананы көрсөткөн. РКӨФ бул компанияны эки жолу жеңилдетилген кредит берип колдогону маалым болду. Эгер мурда Кыргызстан кагаз стакандарын Кытай жана башка өлкөлөрдөн импорттоп келсе, эми ири көлөмдөгү товар өлкө ичинде өндүрүлө баштайт.
РКӨФ региондорго көбүрөөк каражат бөлүүнү пландап жатат