Быйыл Нарынга асма көпүрө, жаңы автобекет салуу пландалууда

Долбоорго ылайык, шаарга ипотекалык турак жайлар салынып, панорамалык аттракцион курулат.
Sputnik
БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Нарын шаарынын социалдык-экономикалык абалын, инфратүзүмүн жакшыртуу максатында облус башчысы Алтынбек Эргешовдун демилгеси менен "Нарын — реновация" аталышындагы креативдүү долбоор иштелип чыкты.
Аймактык кабарчынын айтымында, мунун алкагында 10 долбоор ишке ашырылмакчы.

"Анын алкагында Нарын дарыясынын эки тарабын бириктирип тургандай автокөпүрө курулат. Мындан тышкары, шаарга наркы 60 миллион сом болгон жаңы автобекет салуу каралууда. Анын ичине балдар эс ала тургандай жай салынып, ипотекалык турак жайлар, панорамалык аттракцион да курулмакчы," — деди аймактык кабарчы.

"Нарын — реновация" долбоорунун ичинде Нарын дарыясына айнек асма көпүрө, Инновациялык креативдүү демилгелер борборун куруу да бар. Учурда каржы булактарын табуу иштери жүрүп жатканы жана иштер быйыл башталары белгиленди.
Бишкекте "Акылдуу жол чырак" долбоорун РКФРдин эсебинен ишке ашыруу пландалууда